Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Азыр соттордун табити жакшы эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Ноя 2018 | 595 | 0

Азыр соттордун уйкусу да, табити да жакшы эмес. Саясий репрессиянын курмандыктары акталган соң аларды соттогон судьялардын жоопкерчилигин караш керек. Ошондо соттор кимдин буйругун аткарганын төкпөй-чачпай айтып берет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 7 саясатчынын саясий куугунтук менен соттолгонун эл аныктаган. Алар тууралуу коомдо талкуу жаралып, туруктуу пикир пайда болгон.

«Сот мыйзамдар, ички туюму аркылуу адилеттүүлүктү орнотот. Бирок Текебаев менен Чотоновду соттоп жатканда академик, коомдук ишмерлерге ишенбей өмүр бою шылуундук менен оокат кылып келген Маевскийге ишенип өкүм чыгарды. Айып коюучу корутундуда да Маевскийдин айтканы үтүр, чекитине чейин жазылып, Текебаев менен Чотоновду соттошту», — дейт Шыкмаматов.

Ал көз карандысыз сотторду тандаса болорун бирок судьяларды күнкарама кылган нерсе система экенин белгилейт.

«Соттор куугунтук болбосо, президент кийлигишпесе жакшы иштешет. Бирок алар жогору жактын тилин укпаса ишинен алып салышат. Куугунтукту көргөн соттор «эмне болсо ошол болсун» деп баш ийип берүүдө. Система жакшы адамды да жаман кылып коёт. Атамбаев сотторду күнкарама кылып салды», — дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда бийликти күч менен басып алуу, коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча шектелип Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаров сыяктуу жыйырмадан ашуун саясатчы, жарандык активист камакка алынган.

Абактагы саясатчылардын көбүнүн кылмыш иштери Жогорку Сотто каралып, акыркы сот өкүмдөрү чыккан. Айыпка жыгылгандар өздөрүнүн камалышын Атамбаев баштаган ошол бийликтин «саясий курмандыгы» катары санашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM