Биз менен байланышыңыз

Шер-Нияз Казакстандагы фестивалда калыстар тобун жетектейт

Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 646 | 0

Шакен Айманов атындагы эл аралык кинофестивалда кинорежиссёр, сценарист, продюсер, Эл аралык Азия кинофестивалынын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз калыстар тобунун төрагасы болот. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунун маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара 17-21-ноябрь күндөрү Алматы шаарында өтүп, ага дүйнөдөгү мыкты кинематографтар катышат. Кинофестивалда быйыл түрк тилдүү өлкөлөрдүн тасмаларына өзгөчө маани берилет.

Анткени иш-чара түрк дүйнөсүнүн киноиндустриясын бириктирүү максатын көздөйт. Анын алкагында чыгармачыл жолугушуулар, жыйындар жана мастер-класстар болот.

Шакен Айманов казак актёру, режиссёр, казак профессионалдык киноискусствосуна негиз салуучулардын бири. Ал СССР эл артисти, Казак ССР мамлекеттик сыйлыгы, Ленин орденинин ээси болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM