Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар Тажикстанда 60 күн каттоосуз жүрө алышат

Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 791 | 0

Кыргызстандыктар Тажикстан өлкөсүндө 60 күн каттоодон өтпөй жүрө алышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан жана Кыргызстандын жарандарынын эки өлкөнүн аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациясына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 11-октябрында кабыл алынган.

Ага ылайык Кыргызстандын жарандары Тажикстан мамлекетинде 60 күн бою каттоодон өтпөй жүрө алышат. Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM