Биз менен байланышыңыз

Калифорниядагы өрт: набыт болгондор 71, дайынсыздар 1011 киши

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 1065 | 0

8-ноябрда чыккан өрт Калифорниянын түндүк тарабын четинен жалмап кетүүдө. Өчүрүү дээрлик мүмкүн болбой жатат. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча набыт болгондордун саны 71ге чыкса, дайынсыз жоголгондордун саны тездик менен өсүп 1011ге жетти.

«Бул тизме болжолдуу гана. Арасында тирүү болуп, бирок байланышы үзулгөндөр болуусу мүмкүн, же тескерисинче жоголгонун эч ким байкабай, каза болуп тизмеге кирбей калгандар да болушу мүмкүн»,-дейт аймактын башчысы Кори Хонея.

Тилсиз жоо жалпысынан 57 миң гектар аймакты каптады. «Бейиш багы(Paradise)» деп аталган шаарчанын 27 мин кишилик аймагы толугу менен күйүп кетти.

Президент Дональд Трамп бүгүн аймакты зыярат кылуусу күтүлүп жатат. Адистердин айтымында, айдын аягына чейин өрттү өчүрүү кыйынга турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM