Биз менен байланышыңыз

Лейлекте ок тийген жергиликтүү депутат каза тапты

Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 877 | 0

Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Баянов каза тапты. Маалым болгондой, буга чейин анын далысына ок атылып, ооруканага түшкөн болчу. Мындай кабарды жергиликтүү тургундар массалык маалымат каражатына билдиришкен.

Депутат 17-ноябрда эрте менен Тажикстанда ооруканада каза тапкан. 1986-жылы туулган маркумдун артында бир уулу жана кызы калды.

Белгилей кетсек, 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү белгисиз бирөө депутаттын үйүнүн жанында аны атып, качып кеткен.Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин “адам өмүрүнө кол салуу беренеси” менен иш козголгонун облустук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашкан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM