Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги мектептер окуучуларды электрондук негизде кабыл ала баштайт

Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 706 | 0

Борбор калаадагы мектептерге кабыл алууда эми электрондук негизде каттоо киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун жолугушуусунда белгилүү болду.

Анда министр электрондук каттоо окуучуларды кабыл алуудагы коррупциялык тобокелчиликтерди азайтарын айтты.

Ошондой эле мектептерде мыйзамсыз чогултулган каражаттар тууралуу да соз болуп, бул боюнча биргелешкен буйрук иштелип чыгылып жатканы да маалым болду.

2019-жылы Бала бакчаларга да электрондук кезек киргизилери, 2019-жылы система шаардык билим берүү башкармалыгына өткөрүлүп берилмей болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM