Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда турак-жайлардын 15% гана камсыздандырылган

Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 536 | 0

Кыргызстанда жалпысынан 1 млн 157 турак жай бар жанан анын 15% гана камсыздандырылган. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Замирбек Аскаров парламенттин жыйынында айтты.

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ишканасынын төрагасы Жумагүл Эгембердиеванын айтымында, камсыздандырууда айыл аймагынын жашоочулары, айрыкча, Ош, Талас, Нарын жана Баткен облусунун тургундары активдүү болууда. Турак-жайын камсыздагандардын 78 пайызы айыл жеринде жашаса, 22 пайызын шаардыктар түзөт.

Эгембердиеванын маалыматына ылайык, камсыздандыруунун жылдык төлөмү айыл үчүн 600 сом, шаар үчүн 1200 сом деп белгиленген. Анда 18 тобокелчилик боюнча камсыздандыруу каралган, жеке компанияларга караганда артыкчылыгы көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM