Биз менен байланышыңыз

Инспекторлор биринчи жардам көрсөтүү боюнча үйрөнүштү

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 819 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине автомобилдик аптечка тапшырылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

“Кызыл жарым ай” фонду кызматкерлерге биринчи жардам көрсөтүү боюнча тренингдерди өтүп, андан соң автомобилдик аптечка тапшырды.

Анткени кызматкерлер жол кырсыгы болгон жерге “Тез жардамдын” дарыгерлеринен мурда жетип барышат. Дал ошол учурда жараат алгандарга биринчи жардам көрсөтө алышат.

Бул окутуу иштеринин болгондугу, аптечкалардын берилгендиги адам өмүрүн сактап калууга шарт түзөт. Окутуу иштери республиканын бардык облус жана шаарларында өттү.

Copyright © 2017 Maral FM