Биз менен байланышыңыз

Келдибеков: Токтакуновдун маалыматы далилдене турган документ эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2018 | 611 | 0

Президент мамлекеттүүлүктүн бир атрибуту. Андыктан туура эмес тараган маалыматтарга мамлекеттин дэңгээлинде жооп берүү туура эмес.  Мындай пикирин саясатчы Ахматбек Келдибеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жарыялаган маалыматы расмий болгондо атайын органдар реакция кылмак. Токтакуновдун маалыматы далилдене турган документ эмес. Себеби президенттик шайлоо убагында Сооронбай Жээнбековдун штабында экс-президент Алмазбек Атамбаедин тегрегиндеги адамдар отурган.

«Мен алар өздөрүнө өздөрү көө сүйкөгүсү келбейт деп ойлойм. Токтакуновдун чыгаргандары болгону саясий оюн. Күч органдары фейк маалыматтардын баарын териштире берсе анда кандай болот? Азыр Бишкек ЖЭБи, Түндүк-түштүк алтернативалык унаа жолу, Датка-Кемин подстанциялары боюнча жүрүп жаткан аудиттин жыйынтыгы чыкканга чейин элди алаксытуу максатында калп маалыматтар тарап жатат. Бирок өлкөдө туура эмес маалымат тараткандардын жоопкерчилиги каралбай калууда», — дейт Келдибеков.

Ал белгилегендей, Атамбаев бийликте турган убакта ушактарды интернет аркылуу эмес, мамлекеттик теле-радио компаниялардан берилген. Мамлекеттик телеканалдар менчик катары колдонулуп, такталбаган маалыматтар көрсөтүлгөн. Ага «Белизгейт» маселеси мисал.

Эске салсак, 15-ноябрда укук коргоочу Нурбек Токтакунов фейсбуктагы өзүнүн баракчасына президент Сооронбай Жээнбековдун штабы шайлоо учурунда коротулган делинген каражаттын тизмесин чыгарган.

Жарыялаган маалымат Excel форматында болуп, анда шайлоо учурунда штаб 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ долларын жумшаганы айтылган. Тизмеде эң көп каражат И.С. аркылуу С.Ш. бергени жазылган. Токтакунов бул ысымдарды Сооронбай Жээнбеков (СШ) жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп турган Икрамжан Илмиянов (ИС) болушу мүмкүн экенин жазган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясына берилген эсепте Сооронбай Жээнбековдун штабы 158 096 175 сом короткон деп көрсөтүлгөн.

Президенттин аппараты мунун жалган маалымат экенин айтууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM