Биз менен байланышыңыз

Келдибеков: Токтакунов чыгарган маалыматты ар бир жаран жасай алат

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2018 | 626 | 0

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов президент Сооронбай Жээнбековдун штабы шайлоо учурунда коротулган делинген каражаттын тизмесин жарыялаган маалыматка таянып талкуулоо туура эмес. Мындай пикирин саясатчы Ахматбек Келдибеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Токтакунов чыгарган маалыматты компьютердин тилин билген ар бир жаран жасай алат. Ага маалыматты бирөөлөр даярдап берген.

«Эмне Токтакуновго маалымат берген адам Ө.Бабанов, Т.Сариев, С.Жээнбековдун штабында иштептирби? Мындай маалымат коомдун көңүлүн башка нукка буруу максатында чыгарылып жатат. Укук коргоочу тараткан маалыматтын чындыгын далилдөө үчүн штабдын жетекчиси болгон Фарид Ниязовдон такташ керек. Ал ушак таратып, интрига уюштуруу боюнча мастер. Президенттик штабдын жетекчиси болгон соң жооп берсин«, — дейт Келдибеков.

Ал акыркы убакта бирөөнү каралоо үчүн калп маалыматтар көп тарап жатканын белгилейт. Эч кандай мөөр же берилген каражат боюнча квитанцияга таянбай туруп маалымат таратуу каралоо болуп эсептелерин айтат.

«Мен ар бир айткан сөзүмө жооп берүүгө даярмын. Себеби калп айтпайм. Токтакуновду жамандаган жокмун. Документ далилдүү болушу керек. Мыйзам кол коюлбаган документти атайын органдар карашына жол бейрбейт. Күч органдары мөөр басылган, расмий маалыматтарды карайт. Шайлоо каражатсыз өтпөйт. Сөзсүз түрдө союш союлуп, дастаркон жайылат», — дейт Келдибеков.

Эске салсак, 15-ноябрда укук коргоочу Нурбек Токтакунов фейсбуктагы баракчасына президент Сооронбай Жээнбековдун штабы шайлоо учурунда короткон деген каражаттын тизмесин чыгарган.

Жарыялаган маалымат Excel форматында болуп, анда шайлоо учурунда штаб 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 млн 855 миң 700 доллар жумшаганы айтылган. Тизмеде эң көп каражат И.С. аркылуу С.Ш. бергени жазылган. Токтакунов бул ысымдарды Сооронбай Жээнбеков (СШ) жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп турган Икрамжан Илмиянов (ИС) болушу мүмкүн экенин жазган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясына берилген эсепте Сооронбай Жээнбековдун штабы 158 096 175 сом короткон деп көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM