Биз менен байланышыңыз

Алмамбетова: Мэр иштеп жатат, болгону сүрөткө тарткан жокпуз

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2018 | 811 | 0

Кызматкерлер түнү менен кар тазалап жатышат. Кар жаагандан кийин 2 сааттын ичинде туз себилүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жол тазалаган кызматкерлер катуу көзөмөлгө алынган. 15 мүнөт сайын фото отчет жиберип турушат. Алардын ишин текшерүү боюнча ар бир акимчиликте атайын штабдар ачылган. Акимдер дагы күн-түн дебей иштеп жатат.

«Биз уктаган жокпуз, жумуш эрте башталат. Мэр жөө жүрүп кызматкерлерди өзү текшерет. Болгону аны сүрөткө тартып көрсөтпөйбүз. Калаа башчысы өзүнчө көзөмөл кылуу боюнча акимдерге тапшырма берген. Күркөлөрдүн ээлери айланасындагы карды тазалашы керек. Баарын «Тазалык» ишканасы жасайт деген мамиле туура эмес», — дейт Алмамбетова.

Алмамбетова буга кошумча, кар тазалоочу техника сатып алууга каражат тартыш экенин айтып, Бишкекте жашаган 900 миңден ашуун жарандын 600 миңи гана таштандыларды чыгаруу жана башка кызматтар үчүн «Тазалык» ишканасына акча төлөй турганын белгилейт.

«Мурда жаңы-жылга шаардык бюджеттен көп каражат бөлүнүп келген экен. Мэр быйыл акчаны сарамжалдуу жана туура пайдалануу, жаңы жылдык маанайды шаар тургундары менен чогуу өткөрүү боюнча тапшырма берди. Быйыл дагы конкурстар өтөт, сынактын байгесин көбөйтүк. 1-декабрдан тарта сынак жарыяланат», — дейт Алмамбетова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM