Биз менен байланышыңыз

Артта калган 60 жыл

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 1484 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков мындан так 60 жыл мурун, 1958-жылы Кара-Кулжа районунун Тельман айылында жарык дүйнөгө келген. 1983-жылы Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институнун бүтүргөн. Ага чейин Өзгөн районундагы Ленин мектебинде мугалим болуп эмгектенген.

1993-1996-жылдары – Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун “Кашка-Жол” колхозунун башкармасы.

1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. Депутат болгон жылдары – Жогорку Кеңештин агрардык саясат Комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы.

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылыштын депутаты, Жогорку Кеңештин  Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары.

2005-2007-жылдары – Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, агроөнөр жай комплекси жана экология Комитетинин төрагасы.

2007-жылдын 3-апрелинен тартып 24-октябрына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри.

2008-жылдан 2010-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген.

2010-жылдын апрелинен тартып 2015-жылдын декабрына чейин – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси – облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун милдетин аткаруучу

2010-жылдын сентябрынан тартып – облустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатор, август айынан тартып – Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

2015-жылдын 11-декабрынан тартып – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору.

2016-жылдын мартынан тартып – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары.

2016-жылдын 13-апрель айынан тартып –  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри. 2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыгып, 24-ноябрда мамлекет башчылык кызматына киришкен.

Орозо Айт-2018. Бишкек шаары

 

Чек ара кызматындагы жоокерлер менен чогуу тамактануу учуру

 

Нью-Йорктогу «11-сентябрь» комплексине гүл коюу.

 

 

9-май. «Өлбөс полк»

Алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи. Өмүрбек Бабановдун уулу менен

 

Учактагы жыйын

 

БУУнун трибунасы. 2018-жыл

 

Футболчулар менен

 

Дача-СУдагы кырсыктан жабыр тарткандардын жакындары менен жолугушуу

 

Тазалык акциясында

 

Президент бүтүрүүчүлөр менен

 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

*** Айрым сүрөттөр Спутниктен алынды

Copyright © 2017 Maral FM