Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев келерки аптада Центерранын жетекчилери менен жолугат

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 638 | 0

“Кумтөр” алтын кенин иштеткен Centerra Gold Inc. компаниясы өз үлүшүн сатары тууралуу сөздөр айтылууда. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеӊеште 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы каралып жатканда билдирди.

Ал мурунку өкмөт кол койгон жаӊы келишим боюнча бюджетке акча түшө электигин эскертти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Centerra Gold Inc. компаниясы өз үлүшүн сатары тууралуу сөздөр бар экенин, келерки аптада компаниянын жетекчилери менен жолугушарын айтты.

“Келишимдин шарттары бизди канааттандырбайт, биз каражаттын түшүшү боюнча өз позициябызды бекемдөөгө тийишпиз. Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестициянын тартылышы боюнча келишим 5 жолу убактылуу узартылды. Ал азыр биздин талаптарыбызды кароодо, ошондуктан сүйлөшүүлөр качан жана кандай аяктары азырынча белгисиз”- дейт Абылгазиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстан соңку эки жылдан бери “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынан дивидент ала элек.

Copyright © 2017 Maral FM