Биз менен байланышыңыз

Патрулдук милиция 2019-жылдын июль айынан тарта иштейт

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2018 | 654 | 0

Патрулдук милиция үчүн 2019-жылдын 1-апрелининен тарта конкурс жарыяланат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сынактын биринчи этабынан соң, тагыраагы 2019-жылдын 1-июлунан тарта патрулдук милиция кызматкерлери ишин баштайт.

Кызматкерлер конкурс аркылуу тандалып алынат. Конкурска учурда ИИМде иштеген кызматкерлер жана юридикалык билими бар жарандар катыша алат. Конкурстун жеңүүчүлөрү 6 айлык даярдыктан соң иштеп баштайт. Тандоо ачык болот, аны жарандар онлайн түрдө көрө алышат.

«Кызматкерлерди тандоодо атайын талаптар болот. Алардын профессионалдык деңгээли, билими, акыл-эси, келбетине маани берилет. Конкурска катышууда учурда бизде иштеп жаткан кызматкерлер үчүн жаш курак чектелген эмес. Ал эми ИИМде алгачкы жолу иштеп жаткандардын курагы 30 жашка чейин болушу керек. Тандалып алынган  жаңы кызматкерлер ИИМдин алдындагы академиядан окутуудан өтөт. Алардын айлык маянасы эң аз 25 миң сом болот«, — дейт Сатыбалдиев.

Эске салсак, Кыргызстанда Патрулдук милиция кайрадан түзүлө турганы өткөн жумада белгилүү болгон. Бул боюнча эксперттик топ иштеп чыккан стратегияны президент Сооронбай Жээнбеков колдогон.

Copyright © 2017 Maral FM