Биз менен байланышыңыз

Президент министрлерге: Уйкуну азайтып, ишти көбөйткүлө

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 1353 | 1

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңеште жаңы өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Алар Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов.

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышып, бул министрлер ишинин майын чыгарарына ишеним артты.

Ошондой эле аларга уйкуну азайтып, көбүрөөк жумуш жасоону, берген антын эсинен чыгарбоого чакырды.

Эске салсак, Чыңгыз Айдарбеков Тышкы иштер министрлигинин башчылыгына 17-октябрда дайындалган. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров 25-октябрда дайындалышкан.

Copyright © 2017 Maral FM