Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБи боюнча аудит ишинин 50% аяктады

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 706 | 0

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого бөлүнгөн 386 млн доллардын сарпталышы боюнча жүргүзүлгөн аудит жумуштарынын 50 пайызы аяктады. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов “Марал” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, аудит иштери депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн корутундусунан кийин башталган. Анын аягына чыгышыныны кечеңдешине келишимдердин кытай тилинде болгону жана жабдыктардын баары дүң баада сатып алынганы себеп болууда.

Аудит иштери ушул жылы аяктап Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, расмий маалымат берилет.

Эске салсак, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого бөлүнгөн 386 млн доллардын сарпталышында коррупциялык көрүнүштөр бар экендиги айтылып, ага байланыштуу бир топ жетекчилер камалган.

Copyright © 2017 Maral FM