Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын эмгек рыногун эмне күтөт?

Коом | 14 Ноя 2018 | 1555 | 0

Кыргызстандын эмгек рыногуна алдыңкы жылдары кайсы адистерге суроо талап өсөт? Бул суроонун айланасында 13-ноябрда Бишкек шаарында жыйын болуп өттү.

Дүйнөдө алдынкы жылдары суроо-талап жогору боло турган кесиптердин тизмесин окумуштуулар жарыялап келет. Алсак изилдөөлөрдө 2025-жылдан ары бүтүрүүчүлөр арасында космос жана виртуалдык жашоого байланышкан адистиктер модага айланат. Алар виртуалдык жашоонун дизайнерлери. Бул  кесиптин ээлери онлайн чогулуштар,  жолугушууларды уюштурат.  Ошондой эле робототехника боюнча адвокаттар жарандар менен роботтордун ортосундагы алаканы жакшыртуу үчүн иштешет.  Ошону менен адам баласы аң сезимге байланыштуу иштер менен алек болуп, күнүмдүк иштер роботтордун колуна өтөөрү күтүлөт.

Жогорку окуу жайларды ийгиликтүү аяктаган жарандын дээрлик 65 пайызы өз  кесибин өзгөртүүгө мажбур болот.

Бул 2025-жылга чейинки изилдөө. Андан ары космостук гид өңдүү бүткүл ааламга саякат уюштуруп берген адамды көрүп таң калбай турган учур келерин окумуштуулар айтышат.

Ал эми Кыргызстанга келсек, алдыңкы жылдарга эмес бүгүнкү күн менен гана жашоо уланып жатканы айтылат. Мындан улам биринчи жолу алдыңкы жылдарда талап жогору боло турган адистиктерди аныктап чыгуу боюнча иш башталганын Жаштарды өнүктүрүү боюнча институттун программалык менеджери Ажара Касмалиева айтты.

Чынын айтканда биздин эмгек рыногубуз жаңы чакырыктарга даяр эмес. Азыркы учурда жаштарыбыз келечектеги эмес, азыркы талаптарга жооп бербей жатат. Жумушка орношуу үчүн заманбап көндүмдөрдү толук өздөштүрүшкөн жок. Анткени Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар студенттерди бул заман талабына ылайык кесиптерди үйрөтүшпөйт. Ошондуктан ЖОЖдор бүгүнгкү күнү эмгек рыногу талап кылган адистерди чыгарып бере алышпайт.    

Бүгүнкү күнү эмгек рыногунда талап жогору болгон адистиктер маалыматтык технология жаатында болот.  Тагыраагы компьютердик программа жазган адистер экенин Кыргызстандын жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов белгилейт. Бүгүнкү күнү көпчүлүк компанияларда IT адистерге муктаждык жогору турганын жана бул тенденция алдыңкы 5-10 жылга чейин уланаарын айтып берди.

Азыркы учурда биздин эмгек рынокко IT тармагындагы адистер жетишпей жатат. Ошондуктан жеке компаниялар ЖОЖдор менен кызматташууга өтүүдө. Экинчиден биздин экономикага жараша жаштарга болушунча терең билим беришибиз керек.

Мындай талаптар тууралуу мектеп бүтүрүүчүлөрүнө маалымат берилбейт. Жаштар өз эрки менен гана кесиптерди тандоодо. Бирок окуу жайлар эмес, абитуриенттер жаңы инновацияга умтулуп келе жатканын Ханзада Заирбекова айтат.

Бүгүнкү күнү Американын тейлөө тармагын роботтор аткарып калды. Ал эми Кыргызстан робот жөнүндө эми гана уга баштады. Бирок алдыңкы 10 жылда көп кесиптер жоголот деп ойлойм. Демек биз ага даяр болушубуз керек.

Ушундан улам Кыргызстан дагы дүйнөлүк трендден калбай өнүгүүгө бет алышы керектигин сырттан келген изилдөөчүлөр айтууда. Анткени технология тынымсыз өнүгүп жатканда Жапониядагы роботтор бизге дагы жетерин эмгек рыногунда талап болгон адистиктер боюнча эл аралык эксперт Дмитрий Судаков белгилейт. Ал бүгүнкү күнү Улуу Британияда 55 мин 800 робот жумушка алынганын мисалга алып төмөнкү сунушун берди.

Эмгек рыногунда жакынкы жылдары эмне өзгөрөт? Албетте бул суроо ар бирибиздин алдында турат. Анткени кайсы бир күнү жумуш ордубузду жоготууга убакыт келет. Биз эртеңки күндүн келечегин бүгүн ойлонушубуз керек. Ал үчүн изилдөө эң  маанилүү нерсе.  Ошондуктан Кыргызстан өкмөтү дагы социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүккө жараша жарандарга багыт көрсөтө билиши керек. Бул ар бир мамлекеттин өнүгүүгө карай планына жараша иштелип чыгуусу зарыл.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жылына мектепти 62 миңден ашык бүтүрүүчү аяктайт.

Улуттук статистика комитети жогорку билимге ээ болгон кыргызстандык жаш адистер кандай жерлерде иштерин аныктап чыкты.

Жогорку окуу жайын аяктаган жети адистин бири төмөнкү тейлөө тармактарынын биринде: дүкөндөрдө, кафелерде, сулуулук салондорунда иштейт.

Жогорку билимдүү төрт бүтүрүүчүнүн бири заводдо эмгектенет же фермерчилик кылат, болбосо кара жумушчу.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM