Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Электр энергиясынын баасы көтөрүлбөйт

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 802 | 0

Электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча маселе күн тартибинде жок. Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди. Анын айтымында, өкмөт тарифтер сыяктуу маселелерди ачык талкуулайт.

Абылгазиев энергетиктерди техникалык жоготууларды кыскартуу, бардык чыгашалар менен сарптоолорду оптималдаштыруу, бул багыттагы коррупциянын тамырын кыркуу милдетин койгон.

Өкмөт өлкөнүн жалпы энергетика тутумунун келечектүү өнүгүүсүнө байланыштуу маселелерди объективдүү карайт, бирок баа саясаты негиздүү болушу керек деп эсептейт. Ошондуктан учурда тарифтерди көтөрүүгө зарылдык жок.

Өкмөт башчы учурда жылытуу мезгилин туруктуу өткөрүүгө жана кыш мезгилинде калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасын койгон.

Copyright © 2017 Maral FM