Биз менен байланышыңыз

Өткөн суткада электр энергиясын колдонуу 20 пайызга өстү

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 546 | 0

Өткөн сутка ичинде электр энергиясын колдонуу өлкө боюнча 20 пайызга өстү. Бул тууралуу “Улуттук электр станциялар тармагы” ишканасы билдирет.

12-ноябрда 57,4 млн кВт.саат электр энергиясы колдонулса, 11-ноябрда 51, 9 млн кВт.саатты түзгөн.

Эң жогорку өлчөмдө электр энергиясын сарптоо былтыркы жылдын 30-январына туш келет, анда 70,7 млн кВт.саат электр энергиясы колдонулган.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталууда. Көпчүлүк аймактарда абанын табы -10…-15° суук болууда.

Copyright © 2017 Maral FM