Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Ууруну колунан кармап коюу — коррупция менен күрөш эмес

Пикирлер | 12 Ноя 2018 | 540 | 0

«Ууруну колунан кармап коюу коррупция менен күрөш эмес. Системаны, мыйзамды, жоболорду ондош керек. Себеби коррупцияга система жол ачууда.» Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, корруция системасы Германия, Япония сыяктуу өлкөлөрдө бар. Капиталисттик өлкөдө күчтүү адамдын бийлиги ар дайым күчтүү болот. Адамдардын коррупцияга аралашуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу зарыл.

«Легендарлуу парламент келип, жаңы мыйзамдарды кабыл алганга чейин СССРдин Баш мыйзамы күчүндө турган. Биз жаңы мыйзам менен иштеп баштаганда коррупция өстү. Эл аралык уюмдар заводдорду талкалагыла деп каражат берип жатышты. Анткени заводдор, фабрикалар аларга атаандаштык жаратмак. Алсак, «Сорос-Кыргызстан» фонду каражат бөлүп, окуу программасын талкалады, тарыхка кийлигише башташты»,-дейт Кадырбеков.

Ал учурда өлкөнүн абалы өтө оор экенин айтып, бул кырдаал кен иштеткен ишканалар кеткенде мындан да жаман болорун белгиледи.

«Жоготкон мөңгүлөр, кен калдыктарын сактаган жерлер эмне болот? Талкаланган мөңгүлөрдү калыбына келтире албайбыз. Кумтөр ишин токтотсо, 300 адам жумушсуз калат. Аны ойлогон киши жок. Кум-Бел жайлоосунда алтын издеген 4-5 ишкана жүрөт. Аларды көзөмөлдөгөн адам жок. Ал эле эмес бирөө жайлоону тосуп алыптыр, чабандарды киргизбей жатат. Эл жайлоосун, жаратылышын жоготуп жатканына нааразы болсо, силер инвесторлорго тоскоол болбогула деп аларды күнөөлөп жатабыз», — дейт саясатчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM