Биз менен байланышыңыз

13-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 514 | 0

13-ноябрда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт. Бактарга жана зымдарга суулуу кар жармашат. Күндүз айрым аймактарда кар жаап, жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5;

Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -2…-4 градус суук.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM