Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: ИДПнын реалдуу өсүшү 4 пайыз деңгээлинде болот

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 510 | 0

2019-жылы ички дүң продукциясынын реалдуу өсүшү 4 пайыз деңгээлинде болот. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында бул көрсөткүч экономиканын тейлөө, курулуш, айыл чарба жана өнөр жай сыяктуу тармактарынын салымы аркылуу камсыздалат.

2017-жылы ИДПнын көлөмү 520,9 млрд сом болду, ал эми экономиканын реалдуу өсүү темпи 3,5 пайыздык болжолдуу көрсөткүчтө 4,6 %ды түздү.

Быйыл республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 млрд сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат, бул бекитилген бюджеттен 1,1 млрд сомго көп.

Абылгазиев айткандай, мамлекеттик органдардын чыгашалары 4 млрд сомго оптималдаштырылып, бюджеттин чыгымдары 3,9 млрд сомго кыскарды.

Ал эми республика боюнча мектептерди интернет менен толук камсыз кылууга кошумча 150 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле ветеринардык лабораторияларды, мамлекеттик чек арада ветеринардык көзөмөл пункттарын жабдууга 150 млн сом каралды.

Өкмөт ишендиргендей, айлык акы, жөлөкпул, пенсия жана башка социалдык төлөмдөр убагында толук көлөмдө каржыланат.

Copyright © 2017 Maral FM