Биз менен байланышыңыз

Айкел тургузуу боюнча жол-жоболорду карап чыгуу сунушталды

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2018 | 651 | 0

Айкел орнотууну мамлекеттик деңгээлде мыйзам менен чечип коюш керек. Болбосо колунда бар адамдар эстелик тургузат. Бул социалдык теңсиздикке алып келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Мукар Чолпонбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал эстелик мамлекеттин эсебинин коюлушу керектигин айтып, тез арада айкел тургузуу боюнча жол-жоболорду карап чыгуу зарыл экенин белгилейт.

«Айкел адамдын көзү өткөндө коюлат. Жаштар аны эскерип гүл коюп, кандай адам болгонун айтып отурушса чыгыны эстелик болот. Орнотулуп бирок унутулуп калган эстеликтин мааниси болбойт. Айкелдин тарбиялык мааниси жок болсо эч кимге кереги жок», — дейт Чолпонбаев.

Анан пикиринде, кыргыз коомчулугу өтө терең саясий реформаларга муктаж. Аны президент Сооронбай Жээнбеков өзү да моюнга алган. Бирок түз кадамдарды жасабай жатканы көрүнүп турат. Азыр коомдук саясий системаны өзгөртмөйүнчө башка системалар өзгөрбөйт.

Чолпонбаев буга кошумча көчөлөргө адамдардын ысымын ыйгарууну дагы мыйзамдаштырыш керек экенин айтты.

«Азыр да көчөгө туугандарынын атын ыйгарып жатышат. Эгер сый-урматка татыбай калган адамдын эстелиги туруп калса аны көргөн балдар кандай тарбия алат? Эстелик тарбиялык мааниге багытталышы керек. Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун эрдигин эч ким танган жок. Биз мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш берип жатабыз», — дейт Чолпонбаев.

Эске салсак, 10-ноябрда Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге айкел тургузулган. Анда орнотулган 17 эстелик каза болгон инсандарга, ал эми 3 айкел көзү тирүү адамдарга коюлган. Алардын арасында Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов сыяктуу көзү тирүүлөр да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM