Биз менен байланышыңыз

Алтымышев: Эстеликти кайра алып салуу Алымкуловдун абийирине калган маселе

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2018 | 723 | 0

«Апрель» баатыры Алиясбек Алымкуловдун көзү тирүү кезинде өзүнө эстелик тургузганы өөн учурады. Мындай пикирин журналист Тынчтык Алтымышев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Алымкулов азыр жаш, кыргызга иштеп бере турган курагы болгондуктан эстелик тургузууга али эрте болчу.

«Баатыр экенин эстелик тургузуу менен далилдебей элге мекенчилдигин, намыстуулугун көрөсөтүп иштесе,  ак сөзүн айтса көзү өткөн соң эстелик тургузулмак. Айылдык кеңештин депутатары айткандай, Алымкулов өзү имамдар менен кеңешкен. Ал эстелик тургузулганга чейин каржылык колдоо көрсөтүп, башында турган. Алиясбек мырза Казакстанда иштеп турганда көп иштер жасалбай, эл кыйналды. Ошондо калыс сөзүн айтып эл тарапта болгондо балким эстелик тургузуунун моралдык жагын карамакпыз», — дейт Алтымышев.

Анын пикиринде, тургузулган эстеликти кайра алуу же калтырып коюу Алымкулов менен жергиликтүү кеңештин абийирине калган маселе.

«Алиясбек мырзанын эмгегин эч ким танбайт. Батырлардын баарына эстелик орнотчу болсок Нарындын 300 кишисине дагы айкел тургузуп коюуш керек болбойбу? Өтүгү менен суу кечип, артта калган райондорду алдыга чыгарып, тонун чечпей иштеген адамдар менен Алымкуловду салыштыруу туура эмес», — дейт журналист.

Алтымышев Апрель революциясы аягына чыга электигин, балдар мамлекеттин өсүшүнө дагы да салым кошуп келе жатканын айтып, айкел тургузуунун жол жобосун иштеп чыгуу зарыл экенин белгилейт.

«Баары баатырмын деп чыга келсе айкел орнотууга жер калбайт. Алымкуловго эч кандай ич күйдүлүк жок. Болгону эстелик коюу өөн учураганын, атак-данкка өзүн көтөрүү калыптанып калбаса экен деген ой. Алсак, мектептердин биринде англис тил бөлмөсүн Икрамжан Илмияновдун атына коюшуптур. Илмиянов билим берүүгө салым кошсо бир жөн эле. Аны көргөн балдар кандай тарбия алат? Стимулду оң жагына берүүгө аракет кылуу зарыл», — дейт Алтымышев.

Эске салсак, 10-ноябрда Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге айкел тургузулган. Анда орнотулган 17 эстелик каза болгон инсандарга, ал эми 3 айкел көзү тирүү адамдарга коюлган.

Алардын арасында социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров, мурдагы жаштар министри, «Апрель» баатыры Алиясбек Алымкулов жана авиация тармагында эмгек сиңирген Кубанычбек Козубеков сыяктуу көзү тирүүлөр да бар.

Алиясбек Алымкулов 2010-жылы Апрель окуясына катышып, башынан эки жолу ок жеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM