Биз менен байланышыңыз

«Революцияда каза болгондор да эстелик тургузууну суранган эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2018 | 603 | 0

2010-жылы 7-апрелде жаракат алып, Алиясбек Алымкуловдон кем калбаган жигитер бар. Апрель революциясынан соң кырктан ашуун бала көз жумду. Бирок алар «артыбыздан эстелик тургузуп койгула» деген жок. Мындай пикирин “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин мүчөсү Жоомарт Дүйшембиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун өзүн-өзү даңазалап эстелик тургузганы, өзүн тарыхта калтырганы өөн учурап жатат. Анын эмгегин эл бааламак.

«Апрель окуясына катышкандардын арасынан көпчүлүктүн сунушу менен Кыргыз Эл баатыры наамына Алымкулов көрсөтүлгөн. Ал жакшы баатыр. Бирок көзүү тирүү кезде эстелик коюу бай-кедей болуп бөлүнүп-жарылууга алып келиши мүмкүн. Алымкулов сыяктуу баатырлар 6 жүздөн ашат. Революцияга миндей киши катышкан. Алардын арасында окко учуп, каза тапкандар да болгон»,  — дейт Дйшембиев.

Ал буга кошумча, эстелик тургузган ар бир жаран өзүнө «атам, агам же иним айкел орнотуу үчүн татыктуу эмгек кылбады» деп суроо бериши керек экенин баса белгиледи.

Эске салсак, 10-ноябрда Таластын Бакай-Ата районунда аттуу-баштуу 20 кишиге айкел тургузулган. Анда орнотулган 17 эстелик каза болгон инсандарга, ал эми 3 айкел көзү тирүү адамдарга коюлган.

Алардын арасында Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов сыяктуу көзү тирүүлөр да бар. Алымкулов 2010-жылы Апрель окуясына катышып, башынан эки жолу ок жеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM