Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Эстеликти эмгек менен тургузушса

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2018 | 628 | 0

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Мукар Чолпонбаев “Марал” радиосуна берген маегинде, адамдар эмгек менен эстелик тургузушса деген пикирин билдирди. Анын айтымында, эстелик дегенде ойго таштан жасалган нерселер келерин, ал эми чыныгы эстелик адамды эскерип жүрүү экенин белгилейт.

«Алсак, улуу акын А.С.Пушкиндин жазып кеткен чыгармалары анын өзүнө калтырган тирүү эстелиги. Адам таштан айкел тургузгандан көрө эмгегин элге сиңирип кетсе ошол жакшы болмок», — дейт Чоппонбаев.

Ал белгилегендей, Апрель баатырлары менен башка баатырлардын статусун салыштырууга болбойт. Мамлекеттик сыйлыктар мыйзам менен бекитилген. Тагыраагы, кайсы орден кандай шартта берилиши керектиги так жазылып статусу аныкталган. Анын ээлерине жеңилдиктер да каралган.

Ал эми “7-апрель элдик революциясынын баатыры” наамы мамлекеттик сыйлык болбой калган. Анын эч кандай статусу жок. Революциянын катышуучуларын моралдык жактан колдоп, көңүлүн алуу үчүн гана наам ыйгарылган.

Эске салсак, 10-ноябрда Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге айкел тургузулган. Анда орнотулган 17 эстелик каза болгон инсандарга, ал эми 3 айкел көзү тирүү адамдарга коюлган. Алардын арасында Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов сыяктуу көзү тирүүлөр да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM