Биз менен байланышыңыз

Парижде 60 мамлекеттин лидерлери чогулушту

Дүйнө | 11 Ноя 2018 | 715 | 0

Биринчи Дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 100 жылдыгын белгилөө үчүн 60 мамлекеттин лидерлери жана өкмөт башчылары Парижде чогулушту.

BBC берген маалыматка ылайык, Елисей сарайына чогулган өлкө башчыларын атайын автобустар Триумфалдык аркага алып барат. Ал жерде күндүн маанилүү иш-чарасы өтөт.

Аскердик азем болуп, балдар менен студенттердин катышуусунда театралдык көрүнүштөр коюлат. Иш-чаранын соңунда Франция лидери Эммануэл Макрон сөз сүйлөйт.

Ал эми күндүн экинчи жарымында лидерлер форумга чогулушат.

Иш-чарага орус президенти Владимир Путин, АКШ лидери Дональд Трамп, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Израилдин өкмөт башчысы Бенямин Нетаняху, Украинанын президенти Петр Порошенко, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутеррес, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азул катышат.

Мындан сырткары Сербия, Аргентина, Иордания, Грузия, Италия, Эстония, Испания, Белгия, Чехия, Нидерландия, Канаданын президенттери жана Грециянын премьер-министри келери күтүлүүдө.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү дагы катышат.

Белгилей кетсек, Биринчи Дүйнөлүк согуш 1918-жылы 11-ноябрда аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM