Биз менен байланышыңыз

Hyundai жаңы унаасына ат тандады

Дүйнө | 11 Ноя 2018 | 998 | 0

Түштүк Кореянын Hyundai компаниясы жаңы унаасына берилген ысымды расмий түрдө жарыялады.

Hyundai Palisade аталышындагы унаа 28-ноябрда Лос-Анжелесте өтчү көргөзмөдө тааныштырылат. Ал Kia Telluride жолтандабасынын компаньону болуп эсептелет. Жаңы унаа Santa Fe XL’дин ордун ээлеп алары күтүлүүдө.

Hyundai Palisade Лос-Анжелестин жээк зооналары катары саналган Pacific Palisades’тин атын алган.

Hyundai компаниясы жаңы унаа коомсуздуктун симболу боло аларын айтат. Мындан улам жаш баласы бар үй-бүлөлөр үчүн пайдалуу экенин эскертет.

Мындан сырткары автоунаанын дизайны дагы компаниянын башка унааларынан өзгөчөлөнүп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM