Биз менен байланышыңыз

Бразилияда көчкү жүрүп, 10 киши каза тапты

Дүйнө | 11 Ноя 2018 | 575 | 0

Рио-де-Жанейрого жакын жайгашкан Нитерой шаарчасында жер көчкүдөн улам 10 киши көз жумду. Бул тууралуу Globo телеканалы маалымдады.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 9дай жеке турак жай жабыркаган.

Учурда окуя катталган аймакта 70 куткаруучу иш алып барууда.

11 адам куткарылса, кеминде 4 киши дайынсыз болуп жатат.

«Биз алар тирүү деген үмүт менен куткаруу иштерин дагы эле улантып жатабыз», — дейт аймактык өрт өчүрүү кызматынын башчысы Роберту Робадей.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жер көчкүгө акыркы учурдагы күчтүү жаан себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM