Биз менен байланышыңыз

Караколдо жаңы конушка маркум депутаттын ысымы берилди

Кыска кабар | 11 Ноя 2018 | 523 | 0

Каракол шаарындагы жаңы конушка Жогорку Кеңештин маркум депутаты Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык кеңештен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чолпонбаевдин ысымы жазылган стелла тургузулуп, жалпы конуш тургундарына, маркум эл өкүлүнүн бир туугандары тарабынан жашоочуларга боз үй белек кылынды.

Үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Каракол шаардык кеңешинин 21-сессиясында Карасаев жана Элебесов көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка депутаттын ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Чолпонбаев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты болуп иштеп келген. 2017-жылы 11-ноябрда узакка созулган оорудан улам көз жумган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM