Биз менен байланышыңыз

Аким: Унаа токтотуучу жайлар боюнча мыйзам чийки

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Ноя 2018 | 716 | 0

Унаа токтотуучу жайлар боюнча мыйзамдын чийкилигинен улам жаңы системаны ишке киргизүү долбоору токтоп турат. Бул тууралуу Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу милдетин Паркинг.кейджи компаниясы алган. Учурда электрондук паркоматтар турат. Бирок система иштебейт. Себеби айдоочу унаасын токтотуп, каражатты төлөбөй кетип калса эч кандай чара көрүлбөйт.

«Мыйзамдуу түрдө административдик кодекске өзгөртүүлөр кириши керек болчу. Бул маселе Жогорку Кеңеште каралбай калды. Унаа токтотуучу жайды пайдаланып, бирок каражатын төлөбөй кеткендерге мэрия, милиция же унаа токтотуучу жайдын ээси дагы чара көрө албайт. Эгер мыйзам кабыл алынса видеокөзөмөл болуп, адам ресурсу аралашмак эмес. Азыркы мыйзам боюнча видеокөзөмөл турган күндө да, айып пул салуу процедурасы жок», — дейт Болотбеков.

Ал кошумчалагандай, алгач унаа токтотуучу жай үчүн жер берилип жатканда мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке өткөрүлгөн.

«Тилекке каршы, биз инвесторго да жардам бере албай жатабыз. Мэрия өзүбүздүн милдетибизди аткардык. Эми унаа токтотуучу жайлар боюнча иштелип чыккан жаңы долбоор ушул айда коомдук талкууга чыгат. Сунуштарды карап, Бишкек шаардык кеңеши менен жаңы системаны киргизебиз. Паркинг.кейджи компаниясына бирелген долбоор өркүндөтүлөт», — дейт аким.

Ал ошондой эле, жарандар унаа токтотуучу жайдын кызматкери квитанция бербесе акча төлөбөшү керектигин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM