Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Бала бакча курууга жерлер көп

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Ноя 2018 | 571 | 0

Быйыл Бишкек шаарынын Свердлов районунда 50дөн ашык көчө жарыктандырылды. Бул тууралуу Свердлов районунун  акими Самарбек Болотбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, райондун 5 кварталы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жарыктандырылган. Эми кийинки жылы Бакай-Ата, Эне-Сай көчөлөрүнө да жарык орнотулат.

“Бир-эки жылдын ичинде жаңы конуштардын ири көйгөйлөрүн чечебиз. Электр жарыгын үнөмдөгөн жаңы лампочкаларды коюп жатабыз. Ал эми жолдордун көпчүлүгү толук бүтө элек. Жол салынган соң кайра аны талкалоого уруксат бербейбиз. Андыктан оңдолчу көчөлөргө биринчи кезекте каналицазия куруп кетишибиз керек. Бул багытта быйыл 6 жерге долбоор даярдап, бирөөсүн ишке ашырдык. Калганын кийинки жылы ишке ашырабыз. Ал үчүн 50 млн сомдой акча керек»,  — дейт Болотбеков.

Ал кошумчалагандай, шаарда инфраструктура маселеси каралбай жатат. Каражат тартыш болгондуктан жерлер көп болсо да, бала бакчалар курулбай калууда.

«Бишкек шаарында трансформация боло турчу жерлер жок. Бизде бардык жерлер калктуу конуш болуп эсептелет. Эгер мыйзамдаштыруу маселесин карасак, биздин мыйзам долбоорубуз Жогорку Кеңеште турганына 4 жылдан ашык убакыт өттү. Азырынча мыйзам долбоору кабыл алына элек. Шаардык кеңеш же парламент уруксат берсе жерлерди мыйзамдаштырууга толук даярбыз», — дейт аким.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM