Биз менен байланышыңыз

Дүйнө жүзүндө төрөлүүнүн саны кескин кыскарды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 730 | 0

Окумуштуулар 1950-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча демографиялык ылдамдыктын эки эсе азайганын айтып чыгышты. Төрөлүү ылдамдыгы бир аялдын өмүрү боюнча канча баланы жарыкка алып келгени менен эсептелет.

Америкалык The Lancet журналына жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 1950-жылы бир аялга 4,7 төрөт туура келсе, 2017-жылы бул көрсөткүч 2,4кө түшкөн. Бул аялдар 50-жылдан бери эки эсе аз төрөп калды дегенди билдирет.

Ошондой эле, изилдөөчүлөр тобу жер жүзүндөгү калктын саны ошол кезден бери 2,6 миллиарддан 7,6 миллиардга чыкканын жарыялашкан.

Төрөлүүнүн саны ар континентте жана мамлекетте ар түрдүү болот. Мисалы, Батыш Африкадагы Нигер өлкөсүндө бир аялга 7,1 төрөт туура келсе, Кипрде аялдар бир гана балалуу болушат.

Бул натыйжа күтүүсүз болгонун айткан окумуштуулар төрөлүү ылдамдыгы 2,1ден төмөндөсө, калктын санында азаюу болот. Ал коомдо неберелерге караганда чоң ата-чоң эненин көп болорун билдиришет. Азырынча мындай абал дүйнө өлкөлөрүнүн жарымында  күтүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM