Биз менен байланышыңыз

Аким: «Аламүдүн» базарынын тегереги иреттелет

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Ноя 2018 | 772 | 0

«Аламүдүн» базарынын тегереги иретке келтирилет. Бул тууралуу Свердлов районунун  акими Самарбек Болотбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, базарлардын айланасындагы жол тыгындарын азайтуу маселеси акырындык менен чечилип келе жатат. Мисалы, “Мадина” базары жакта жол үстүндөгү өтмөк ачылган соң ал жерде жол тыгын маселеси толугу менен чечилген.

“Аламүдүн” базары тарапта Жибек-Жолу проспектиси менен Алмата көчөсүнүн кесилишиндеги унаа тыгынын жоюуну баштаганбыз. Кант жана башка шаарлардан келген автобустардын баарын «Чыгыш» автобекетине киргизип жатабыз. Буга чейин аталган автобекеттин аянты тар болгондуктан унаа тыгыны көп болчу. Азыр ал жердеги базарды алып салдык”, — дейт аким.

Болотбеков буга кошумча Свердлов районунда жолдор оңдолуп жатканын, Бишкекте жаңы ачылган чоң көчөлөрдүн көпчүлүгү аталган райондо жайгашканын белгиледи.

“Фрунзе жана Токтолгул көчөлөрүнө көпүрө салынып жаңы жолдор ачылды. Орозбеков көчөсү да салынды. Базарлардын айланасындагылар жолдорду оңдоп, калыбына келтирүүгө өз салымын кошуп, инфраструктураны өнүктүрсө эң биринчи кезекте соодага жакшы пайда алып келет деген ойдомун”, – дейт аким.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM