Биз менен байланышыңыз

Аким: Ишкерлердин бизнеси өнүксө бизге чоң салым болот

Бишкек шаарынын Свердлов районунун экономикалык көрсөткүчтөрү жакшы. Бул тууралуу аталган райондун акими Самарбек Болотбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, салыктар боюнча пландар толук аткарылып жатат.

“Бизге ири салык Бишкек ЖЭБинен түшөт. “Бишкексүт”, “Шоро” жана башка компаниялар да жакшы өнүгүп келе жатат. Ушуга байланыштуу салыктардын көлөмү, экономикабыз өсүүдө. Мындан сырткары, курулуш компаниялары салынып жаткан объектинин айланасын гана карап башка жакты таштап коюуда. Ишканаларга оңдоо иштерин узартуу сунушун бергенбиз. Муну айрым компаниялар ишке ашырып башташты”, — дейт Болотбеков.

Ошондой эле ишкерлердин маселесин чечүү боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөн.  Болотбеков бизнес өнүгүп, өндүрүштүн өскөнү район үчүн чоң салым болорун белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM