Биз менен байланышыңыз

4 баланын энеси Толкунай Умаркулова жардамга муктаж

Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 993 | 0

“Марал” радиосу “Элим барсыңбы” коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте “Элим барсыңбы” аталыштагы долбоорун баштады. Программада фондго кайрылган үй-бүлөлөрдүн маселелерин чечүү жолун издейбиз. Берүүнүн бул жолку каарманы Толкунай Умаркулова.

Толкунай айым төрт баланын энеси. Буга чейин мектепте тарых мугалими болуп эмгектенген. Учурда 2002-жылы төрөлгөн уулу Нурсултан ооруп жатканына байланыштуу иштей албайт. Бирок ага карабай тоок багып, алардын жумурткасын сатып аз да болсо үй-бүлөсүнүн муктаждыктарын жоюунун аракетин көздөйт. Эгер көбүрөөк киреше тапса саан эчки багуу планы да бар. Толкунай айым мунун себебин эчкинин бат төлдөгөнү менен түшүндүрдү. Кайдыгер  карабаган жарандар 0777 85 71 28 номуруна байланышып жардам бере алышат. Ошондой эле “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фондунун 0772 00 20 15 номери аркылуу да көмөк көрсөтүү мүмкүн.

Толкунай Умаркулова:

— Мен ата-энемдин үйүндө турам. Даяр сарай болгондуктан саан эчки багайын дедим. Анын сүтүн сатмакмын же каймак, май кылмакмын. Эчки бир төлдөгөндө 3 улак тууйт. Демек, бат көбөйөт. Биз жашаган жерде тоок фабрикасы бар. Кошуналарымдын да көпчүлүгү 50-100дөй тоок багышат. Тооктун жумурткасын сатып, ал эми эти менен балдарды багууга да мүмкүн. Тоок багуу боюнча интернеттен бир топ маалыматтарды издедим. Кичине болсо да бизнес план даярдадым. Ишкердикке өтүүнү каалаганымдын негизги себеби азыр акча көп нерсени чечип калды. Мектепте мугалим болуп иштедим, бирок билим берүү сапаты начар эле.

Балдарымды окууга жөнөткөн соң кечке чейин Нурсултанды карайм. Ал мага абдан муктаж. Түшкүгө тамак жасап берем. Ошолордун түйшүгү менен эле жүрөм. Өзүм мугалим болгондуктан аларга жакшы билим берип, келечекте кыргыздын чыгаан адамдарынан болсо деп тилейм. Мени “апа” дегенде сыймыктана турган балдардан болсун дейм.

Өзүм 8 бир тууганмын. Баары жогорку билимдүү. Мен да ата-энемден алган тарбияны балдарыма бергим келет. Тагыраагы, балдарымды билимге, эмгекке үйрөткөн ата-эне болгум келет. Аларга өзүн-өзү тейлегенди үйрөтөм, себеби эр жигитке 70 өнөр аздык кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM