Биз менен байланышыңыз

Окуучулар арасында жемкорлукка каршы сынак жарыяланды

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 635 | 0

Кыргызстанда жемкорлукка каршы окуучулар арасында мыкты сүрөт, кыска видео тартуу боюнча сынак жарыяланды.

Анын максаты, жаштар арасында өлкөдө паракорчулукка жол бербөө боюнча коомдук пикирди калыптандыруу болуп эсептелет. Мындан сырткары, жаштарды жемкорлукка каршы укуктук база менен терең тааныштырып, ага каршы күрөшүп,  жалпы коомчулукту агартуу ишине тартууга багытталат.

Сынак 9-декабрь БУУнун Жемкорлукка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө арналып уюштурулууда.

«Жемкорлук балдардын көзү менен» деген сүрөт сынакка 1-8-класста окугандар катыша алат. Эки категория боюнча жеңип чыккан сынактын катышуучулары скутер гири менен сыйланышат.

Сүрөттөр жалпыга билим берүү мекемелери (мектептер)  аркылуу кабыл алынат. Алар  топтолгон материалдарды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүшү шарт.

Ал эми «Жемкорлукту токтот!» деген темадагы видео роликтер сынагына 9-10-класстын окуучулары жана студенттер катышса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM