Биз менен байланышыңыз

Таласта Айтматовго арналган спорттук оюндар жыйынтыкталат

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 533 | 0

Бүгүн, 8-ноябрда Талас шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган спорттук оюндар жыйынтыкталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Анда катышуучулар көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш жана кыргыз күрөшү боюнча күч сынашууда. Мелдештер 6-ноябрда башталган, Райкан Алканов атындагы ат майданында жана “Манас ордо” комплексинде өтүп жатат.

Айта кетсек, буга чейин Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү, эр эңиш жана ат чабыш боюнча таймаш Ош облусунда өткөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM