«Кумтөр» алтын кени 2026-жылы жабылат. Бул тууралуу 6-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт жыйынында билдирди.
Кумтөр кенинде алтын өндүрүүнүн көлөмү азайып баратат. Үстүбүздөгү жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 2,9 эсеге түштү. Мындай тенденция алдыдагы жылдарда дагы күтүлөт. Экономика министри Олег Панкратов андыктан экономикалык көрсөткүчтөрдү кармоонун аракетин көрүүгө чакырды.
—Кумтөрдө казылган алтындын көлөмү 24,3 пайызга түштү. Себеби ушул убакытка белгиленген жерде алдындын запасы аз болуп чыкты. Ошонун натыйжасында, алтын өндүрүүнүн көлөмү 2,9 эсеге түштү. Бул боюнча биз буга чейин дагы айтканбыз. Азыр дагы белгилеп өткүм келет. Демек биз экономиканы көтөрүүнүн башка жолдорун карап чыгышыбыз керек. Жаңы өндүрүштөрдү ачуубуз зарыл.
2026-жылы «Кумтөр» кени жабылат. Бирок бул Кыргызстандын экономикасына терс таасир этпейт. Эч кандай коркунучтарды дагы жаратпай турганын өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айтууда. Анткени алдыда ошол убакка өлкөдө ал сыяктуу аналогдук ишканалар ачылып каларын айтып ишендирди.
—Барган сайын Кумтөр кеңинде алтыныбыз азайып бара жатат. Ошол үчүн биз башка жактар менен ишканаларды ачышыбыз керек. Кумтөрдө экспорттун көлөмү абдан чоң, алтындын баары тыш жакка сатылат. Демек биз башка товарларды өндүрүүдө экспорттук потенциалды да эске алышыбыз керек. Кумтөр кени 2026- жылга чейин барат. Андан ары Кумтөр кеңи ишин токтоторун адистерибиз айтып жатат. Ошентсе дагы биз ишканаларды ачсак, анын жабылып калганына экономикабызга эч кандай коркунуч келбейт деген ойдомун.
Бирок эксперттер алтындын запасы Кумтөргө тең келе турган башка кендер жок экенин айтууда. Мындан улам өкмөт казынаны толтуруунун башка булактарын караштырганы туура. Себеби бүгүнкү күнү Кумтөрдүн бюджеттеги үлүшү чоң.
Экономист Искендер Шаршеев кендендердин ордуна чакан жана орто ишкендикти өнүктүрүүгө көңүл бурганын туура көрөт.
— Менин баамымда Кумтөргө караганда башка кендерде киреше азыраак. Ал жаткан эффективдүү казып алууларды жасаганга жөндөмү аз. Ошондуктан Кыргызстан бүгүнкү күнү алтынга ишенбей, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүчү жана эл аралык инвесторду кызыктыруучу шарттарды караш керек. Бул жаатта коңшу Өзбекстандан сабак алышыбыз зарыл.
Ал арада Кумтөр кени эки жылдан бери дивидент төлөбөй келгени коомчулукта чоң талкууну жаратууда.
“Центерра Голд Инк” компаниясы болсо дивиденттерди «Кумтөр» боюнча келишим аткарылгандан кийин төлөп баштай турганын айтууда. Жыл аягына чейин сүйлөшүүлөр аяктаса, компания дивидент төлөөнү улантат.
Ошондой эле ал дивиденттик саясат Канаданын мыйзамы менен ишке ашарын, учурда бир да акционер төлөм ала электигин кошумчалайт.
Кумтөрдүн айланасындагы экинчи жагдай “Центерра Голд Инк” компаниясы кыргыз өкмөтү менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүнүн уламдан-улам жылышында турат. Мында парламенттин жоопкерчилиги тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Марал» радиосуна берген маегинде айткан.
—Келишим үч жолу ратификациядан өткөн. Ошол ратификация кылган депутаттардын 99% кайра шайланган эмес. Алардын жоопкерчилиги экинчи жолу депутат болбойт деп каралган. Мен ойлогом, эгерде 2010-жылы убактылуу өкмөт келгенде Кумтөрдү улутташтырып койсо, убактылуу өкмөт өзүнүн мойнуна алмак. Себеби Кумтөргө окшогон миллиарддаган доллардын тагдырына жөндөн жөн байлар калтырбайт эле.
Былтыр «Центерра Голд» компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү азайган. Буга канадалык компаниянын Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алганы себеп болгон. Жаңы операциядан кийин Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшү 32 пайыздан 26,6 пайызга чейин азайды.
Эскерте кетсек, Кумтөрдө 396 тонна алтын бар деп эсептелген.