Биз менен байланышыңыз

Президент: Өлкөнү өнүктүрүүдө журналисттердин колдоосуна таянабыз

Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 841 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө журналисттерин Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Жээнбеков Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө чоң таасир этүү менен өнүккөн жарандык коомдун эң маанилүү бөлүгү экенин белгилейт. Ошондой эле бийлик менен басма сөз ортосундагы ачык диалог — бийликтин ишинин ажырагыс бөлүгү деп эсептейт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарысыз мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу механизмин элестетүү мүмкүн эмес. Журналисттер дүйнөлүк коомчулуктагы Кыргызстандын позитивдүү образын калыптандырууга активдүү көмөктөшөт деп ишенем. Өлкөнү өнүктүрүүгө жана кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыз кылууга, бардык мамлекеттик башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган реформаларды ишке ашырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосун баалайбыз жана ага таянабыз.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-ноябрь Кыргызстанда улуттук маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM