Биз менен байланышыңыз

Катар мамлекетине экспорттоо шарттары жеңилдейт

Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 939 | 0

Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев Катар мамлекетинин Бажы кызматынын тѳрагасы Ахмад бин Абдулла Аль-Жамал менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анда кыргыз-катарлык ар тараптуу кызматташууну жакшыртуу маселеси каралып, соода-сатык жана бажылык алаканы бекемдѳѳ аракеттери талкууланды.

Элчи Нуран Ниязалиев Кыргызстандын жогорку сапаттагы малчылык, дыйканчылык азык-түлүктѳрү тууралуу кабарлады. Аларды Катар өлкөсүнө экспорттоодо бажылык жеңилдетилген шарттарды түзүп берүүнү суранды.

Төрага Ахмад бин Абдулла Аль-Жамал кыргыз ѳндүрүмдѳрүнѳ ѳзгѳчѳ бажылык тариздѳѳ, бажылык кѳзѳмѳл болорун билдирди. Дохада ѳтѳ турган кѳргѳзмѳгө, жарманкелерге келген кыргызстандык кээ бир азык-түлүктѳрдѳн бажылык тѳлѳм алынбастыгын да белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM