Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: 2026-жылы “Кумтөр” жабылат

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 953 | 0

2026-жылы алтын өндүрчү “Кумтөр” ишканасы жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эл аралык эксперттер мына ушундай тыянакка келишкен. “Кумтөрдүн”жабылышы Кыргызстандын экономикасына терс таасир этпейт, коркунуч да жаратпайт. Анткени ошол убакка өлкөдө ал сыяктуу аналогдук ишканалар ачылып калат”, — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле инвесторлорго жакшы шарттарды түзүп берүү керектигине токтолду. Ишкерлердин укугун, кызыкчылыгын коргочу Бизнес-акыйкатчы институтун түзгөндү тездетүү зарыл деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM