Биз менен байланышыңыз

Панкратов: Эркин экономикалык зона өндүрүүчүлөргө стимул берет

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 612 | 0

Кыргызстандын эркин экономикалык зонадагы ролу кандай? Бул тууралуу депутат Экмат Байпакпаев парламент жыйынында сурады.

Анын айтымында, эркин экономикалык зонанын бир катар артыкчылыктары бар. Бирок өндүрүүчүлөр “Жалпы жеңилдиктер тутуму” (ВСП+) макамы менен иштөө мүмкүнчүлүгүн да колдонушкан  жок.

Экономика министри Олег Панкратовдун белгилешинче, эркин экономикалык зонанын ролу ички рыноктогу өндүрүүчүлөргө стимул берүү болуп саналат.

Анда депутат Абдумажит Юсуров конкреттүү түрдө кайсы компанияларга салыктан бошотуу мөөнөтүнүн узартылышын сурады. “Сиздерде ички рынокко иштеген ишканалар барбы?” – деп кызыкты.

Олег Панкратов салык жана алымдардан бошотуу мөөнөтүнүн узартылышына кирген компаниялардын баары, “Бета чай” да ички рынокко иштейт деп белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM