Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус ишкерлерине үмүт берген форум

Экономика | 27 Мар 2019 | 1319 | 0

Бүгүн, Бишкекте сегизинчи ирет өткөрүлүп жаткан кыргыз-орус аймактар аралык «Стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы горизонттору жана интеграция» аталышындагы конференция башталды. Ага Орусиянын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Тимур Максимов, Кыргызстандын Экономика министри Олег Панкратов, эки өлкөнүн аймактарынын өкүлдөрү, ишкерлер жана инвесторлор катышууда.

Кыргызстандын Экономика министри Олег Панкратов конференциянын ачылышында сөз сүйлөп жатып, кыргыз-орус аймактар аралык бизнес форуму буга чейин бир топ жолу өткөнүн, анын жыйынтыгында бир топ келишимдерге кол коюуга жетишилгенин айтты.

Биринчи конференция 2011-жылы 23-мартта өткөн. Андан бери Кыргызстанда жана Орусияда 7 жолу форум өттү. Анын жыйынтыгында бир нече меморандум кабыл алынып, көптөгөн келишимге кол коюлду. Бул жыйын ишкерлер менен мамлекет ортосундагы ачык диалог болуп эсептелет. Бүгүнкү форум кыргыз бизнес коомчулугунун, Орусиянын мамлекеттик органдары менен байланышуусуна шарт түзөт.

Жыйынга катышып жаткан Орусиянын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Тимур Максимов эки тараптуу кызматташуу боюнча тыгыз күн тартиби бекитилгенин, анын жыйынтыгында келишимдер кабыл алынарын айтып, Кыргызстан Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экендигин белгиледи.

-Бул форум Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өтүп жатканы форумдун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Бүгүнкү кундө эки өлкөнүн мамилеси стратегиялык мүнөздө болуп жаткандыктан, эки күндүн ичинде көптөгөн маселелерди чечип, бизнес байланыштарды түзүүгө аракет кылабыз.

Жыйындын катышуучулары 4 багытка бөлүнүп, соода-экономикалык карым-катнаш жана өндүрүш жаатындагы кооперация маселесин өнүктүрүү, технологияны өнүктүрүп санариптештирүү, айыл чарба комплексин жана транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле инвестиция, финансылык иш алып барууну күчөтүү маселелери боюнча тегерек үстөлгө катышышты. Эки өлкөнүн айыл чарба комплексин жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн Кыргызстанда логистикалык борборлорду куруу боюнча келишим тузүлөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Росагормаркет башкармалыгынын төрагасы Алексей Ванчугов билдирди.

-Биз Бишкекке жакын аймактарды карап жатабыз. Мухамедкалый Дүйшөкеевич (ред: Абылгазиев) менен так ордун сүйлөшкөнбүз. Бирок азырынча тандоолор болгондуктан, бекитилген эмес. Мен жер-жемиштер, эт-сүт азыктары жана балык сыяктуу курамын тез жоготкон азыктар менен иш алып барган, экспорт, импорт жүргүзүлүүчү логистикалык борбор жөнүндө айтып жатам. Бул азык-түлүк менен иштөөгө мүмкүн эмес дегенге жатпайт, болгону биз жогоруда айтылган категорияны негиз катары кароодобуз.

Ал эми, Кыргызстандын «Базарлар» ассоциациясынын президенти Сергей Пономаревдин айтымында, Логистикалык борборлорду ачуу чоң жана майда өндүрүшчүлөрдү бир аянтка чогултууга шарт түзөт.

-Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин алкагында курч көйгөй жок. Соода жүргүзүү базарларына келсек, айтылып жаткан логистикалык борборлордун пайда болушу чоң жана майда өндүрүүчүлөрдү бир аянтка чогултууга шарт түзөт. Ал эми логистикалык борборлор аз эле дегенде инвестор, транспорттук логистика борборлору өзүнчө, сөзсүз турдө соода аянттары жана албетте,  ошол продукцияны өндүргөн агроишкерлерсиз ишин жүргүзө албайт. Логистикалык борборлорду түзүүдө жогоруда белгиленген төрт багытта иш алып барып жаткан тараптардын кызыкчылыктары дал келсе, анда аянттардын ишке ашуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Кыргызстан жана Орусиянын ишкерлери катышып жаткан форумдун жыйынтыгында түзүлгөн келишимдер Кыргызстандын экономикасына жаңы багыт берет. Мындай пикири менен Кыргызстандын мурунку Экономика министри Арзыбек Кожошев бөлүштү.

-Биз ЕАЭБдин мүчөсүбүз. Бул 180 миллион элдин базары дегенди билдирет. Буйруса, Кыргызстан менен Орусиянын ишкерлеринин ортосунда  түзулө турган келишимдер Кыргызстандын экономикасына жаңы дем менен өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизет. Негизги багыттар, албетте, айыл чарба тармагы, энергетика жана туризм болот деп ойлойм. Буга чейин бизден өндүрүлгөн азык-түлүк, жашылча-жемиштер Орусиянын базарларына гана киргизилип келген болсо, эми жаңы деңгээлге көтөрүлүп, “Пятерочка” сыяктуу гипермаркеттер менен келишим түзүлөрү күтүлүүдө.

Эки өлкөнүн ишкерлери жана аймактардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жаткан иш-чара 28-мартта да уланып, бир катар келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM