Биз менен байланышыңыз

Бажы: оюнчуктарды мыйзамсыз алып өткөндөр кармалды

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 646 | 0

Түштүк-батыш бажысынын кызматкерлери Баткен-Ош жолунда Dongfeng JFS JF5250 CJB үлгүсүндөгү унааны кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Анда Өзбекстандан бажынын көзөмөлүнөн өткөрбөстөн, контарабандалык жол менен оюнчуктарды алып келип жатышкан. Унаа Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына көздөй бараткан.

Ош шаарынын жана Ош облусунун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы  бул боюнча кылмыш ишин козгоду.

Copyright © 2017 Maral FM