Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз-түрк достугу» ооруканасы мамлекеттик болот

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2018 | 1082 | 0

Бишкектеги «Кыргыз-түрк достугу» ооруканасы толугу менен мамлекеттик бейтапкана болот. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Түркиянын перзиденти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келгенде келишимге кол коюлган. Азыр өкмөт Тышкы иштер министрлиги аркылуу келишимдерди күтүп жатат. Түрк тарап кол койгон соң ал келишим ЖКда ратификациядан өтөт. Андан соң оорукана ачылат.

«Бүгүнкү күндө техникалык жабдыктар келип жатат. Иштөө принциптери аныкталган. Оорукананын башкы дарыгери түрк тараптан болот. Ал эми анын орун басарлары кыргызстандык дарыгер болот. 3 жылдын ичинде Түркиянын дарыгерлери да келип жардам берет. Бул аралыктан соң толук кандуу мамлекетке өтөт», — дейт Өмүрбекова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM