Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө өткөрүү каралууда

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2018 | 737 | 0

Саламаттыкты сактоо тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баарын электрондук түргө өткөрүүнүн үстүндө иштер жүрүүдө. Бул жакында ишке ашат. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Марал” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармагында көйгөйлөр абдан көп. Ошентсе да жакында бекитилчү 2030-жылга чейин саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасында бардык нормалар аныкталган.

«Ал жерде дарыгерлердин айлык маянасын стималдаштыруу түрүндө төлөөнү чечтик. Эми кандай жыйынтык алып келери жарым жылдын ичинде анализ жасалып аныкталат. Саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү программасында профилактикалык иштерге көңул бурулууда» , — дейт Өмүрбекова.

Ал учурда тез жардам унаалары жетишсиз экенин айттып, тез жардам кызматынын техникалык базасын чыңдап, штабдык бирдигин көбөйтүү үчүн компанияларды кызматташтыкка чакыруу зарыл экенин белгиледи.

«Мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча саламаттыкты сактоо тармагында гемодиализ гана иштеп жатат», — дейт Өмүрбекова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM