Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Мектеп чыгымдары бюджеттен каржыланышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2018 | 666 | 0

Мектептердин фондун жоюп, муктаждыктарды жабуу үчүн керектүү акчаны бюджеттен каржылоонун үстүндө иштеп жатабыз. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мектептерде муктаждыктарды жабууга канча каражат сарпталары аныкталат. Бул боюнча жумушчу топ иштөөдө.

«Алдыдагы жылдарда мектептердеги ата-энелер фондун жоюуга аракет кылабыз. Бул боюнча жакынкы күндөрү мектеп директорлору, билим берүү башкармалыктары жана министрлик менен биргеликте талкуу өтөт. Мындан сырткары, мугалимдердин айылыктарын жаңы формада төлөөнүн жолдорун карап чыгышыбыз керек», — дейт Өмүрбекова.

Маалыматка ылайык, учурда билим берүү жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Ага ылайык, мектеп директорлору 65 жашка чейин иштей алат. Мыйзам боюнча директорлорду ротация кылууда алар макулдугун бериши керек.

«Директорлор 65 жашка чыкса кызматтан алынат, кааласа мугалим болуп иштейт. Мындан сырткары директор бир жерде 5 жылдан ашуун иштей албайт деген норма киргизүү керектигин да талкуулап жатабыз. Аткени айрым жерлерде 20 жалдан ашуун иштеген жетекчилер кээ бир кемчиликтерге көз жумуп коёт экен«, — дейт вице-премьер-министр.

Ал буга кошумча, мугалимдерге жана дарыгерлерге мамлекеттик ипотекалык насыя алуунун шарттарын жеңилдетүү маселеси каралып жатканын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM