Биз менен байланышыңыз

Коллеждерге ЖРТнын жыйынтыгы менен алуу сунушталды

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 737 | 0

Өкмөт коллеждерге окуучуларды Жалпы республикалык тесттин(ЖРТ) жыйынтыгы менен кабыл алууну сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында айтылды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобековдун айтымында, мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү окуучуларга коллеждерге тапшырганы шарт түзөт.

Ал эми мыйзам долбоорунда ЖРТ тесттин жыйынтыгы жогорку окуу жайга тапшырууда гана жарактуу болуп эсептелет. Эгерде окуучу жетишерлик упай ала албаса, анда сертификатты орто билим берүү мекемелерине колдоно албайт.

Өкмөт мына ушул нерселерге түзөтүүлөрдү киргизүү маселесин көтөрдү.

 

Copyright © 2017 Maral FM