Биз менен байланышыңыз

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы реформаланат

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 712 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-ноябрда Саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушту.

Ибраимовдун айтымында, жумушчу топ 6 жыйналыш өткөрүп, ИИМдин окутуу бөлүмдөрү менен таанышып чыкты жана Аскердик-дарыгерлик ишти иликтеди.

Натыйжада жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча Стратегия, Бишкек шаарында Патрулдук милиция түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу тууралуу иш-чаралар планы жана реформалоонун 1- этабын ишке ашыруу үчүн керектүүлөрдүн тизмеси иштелип чыккан.

Ага ылайык, Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт. Анын кызматтык милдеттери өзгөртүлөт. Патрулдук милиция жолдордогу коопсуздукка гана эмес, жалпысынан бекитилген участкалардагы коомдук коопсуздукка жооп берет.

Патрулдук милиционерлер аларга бекитилген участканы толугу менен көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды аныктап, алдын ала чараларды көрүп, дайыма кыймылда болушат.

Бул реформа үч баскыч менен ишке ашырылат. Биринчи — кадрларды сынактын негизинде тандоо. Экинчи баскычта тандалган кызматкерлер жарандардын укуктары боюнча маселелерди, тактикалык жана ок атуу даярдыгы, жол эрежелерин окуу сыяктуу тиешелүү окуудан өтүшөт. Үчүнчү баскыч — кызмат өтөөнүн өзү, ал антикоррупциялык чараларды жана кубаттоо ыкмаларынан турат.

Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылы ишке ашыруу пландалууда, кийинки жылдары реформа бүт өлкөнү камтыйт.

Copyright © 2017 Maral FM